"Тамашоунун" 5-сезонунун чейрек финалынын экинчи күнү болуп, жеӊүүчүлөр аныкталды. Жарым финалга өтпөй калган командалардын бири "Алматы курама командасы" болду.
14-декабрда "Тамашоунун" 5-сезонунун чейрек финалынын экинчи күнү болуп, жеӊүүчүлөр аныкталды. 10 команданын ичинен "Талас", 5+1 (Нарын), "Кыргыз двор", "Алматы курама командасы" чейрек финалдан жарым финалга өтпөй калышты. Ал эми "УКГ №5", "NutsTaн", "КГБ", "KG 77", "Ак-Өргө CITY", "Моника Беллуччи" мыкты тамашаларын жарым финалда көрсөтүүгө укук алышты. Бул күндүн жеӊүүчүлөрү: 3-орунда "Ак-Өргө CITY", 2-орун "KG 77" ал эми 1-орун "Моника Беллуччи" болду.