Биз социалдык тармакта

Намаз окууга да жетишип... Ташиев Нарында объекттердин ачылышына, башталышына катышты (сүрөттөр)

Кечээ, 23-октябрда УКМКнын төрагасы Качыбек Ташиев Нарын шаарына иш сапары менен барды.

Анда атайын кызматтын башчы оңдолгон жана жаңы салынган объекттердин ачылышына катышып, облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушуна мезгил кутусун салды. Ал жакта медицина кызматкерлери менен жолуккан Ташиев өкмөт медицина менен билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлык акысын карап чыгуу боюнча программа иштеп жатканын билдирди.

"Түшүнөм, силердин айлыгыңар аз. Аны айтайын деп турасыңар, бирок айта албай жатасыңар. Ошол нерсе жүрөгүңөрдө турат. Эмдиги жылы биринчи кварталдан баштап маянаңар көтөрүлө баштайт",- деди ал.



Атайын кызматтын башчысы Нарын шаарындагы жаңыланган унаа бекеттин ачылышына катышып, өз баасын берди.

"Мындай деңгээлдеги унаа бекет башка аймактарда жок. Аны максаттуу пайдаланып, түзүлгөн инфраструктурага кылдат мамиле кылуу керек", - деп баса белгиледи.

Ошондой эле Ташиев калаадагы Бекмамбетов атындагы спорт мектебине караштуу жаңы курулган күрөш залынын ачылышына да катышып, кызыл тасмасын кести. Мындан тышкары УКМКнын жетекчисинин катышуусунда облус борборуна жаңы салынган Нарын райондук электр тармагынын имараты пайдаланууга берилди.
Ташиев шаарда Жакыпбек ата атындагы жаңы мечиттин ачылуу аземине да катышты. Курулушу былтыр башталган мечит бардык заманбап шарты менен бүткөрүлгөн. Имарат жалпы 600 орунга ылайыкталган. УКМКнын маалымат борбору жарыялаган сүрөттөрдөн мекеменин жетекчисинин намаз окуп жатканын да көрүүгө болот.
УКМКнын башчысы Нарын шаарындагы Ленин менен Шералиев көчөлөрүнөн да кабар алды. Ал Ленин көчөсүнүн тротуарын бүткөрүүнү тездетүү тапшырмасын койду.
Айта кетсек, аталган көчөлөрдүн курулушу жай жана сапатсыз салынып жатканы талкуу жараткан. Мындан улам аталган жолдорду салып жаткан "Бета Групп" компаниясынын аткаруучу директору Мирлан Амантуров кармалган. УКМК аны менен бирге транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев да камакка алынганын билдирген.

Кийинчерээк Нарын облустук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын башкы директору менен 1-Жол куруу башкармалыгынын директору да кармалганын маалым болгон.

Ал эми көчөлөрдү бүткөрүү иштери "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасына жүктөлгөн.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан