Биз социалдык тармакта

Нарында эркин күрөш залы пайдаланууга берилди (фото)

Нарын шаарындагы Алма-Бак сейил багынын ичине Бекмамбетов атындагы спорт мектебине караштуу күрөш залы курулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Анын ачылышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, кызыл тасмасын кести. Салтанатта ал спорт мектептин ачылышы менен жергиликтүү элди куттуктап, келечек муунду жаман адаттардан сактап, дени сак, билимдүү, ынтымактуу муун тарбиялоого заманбап шарт түзүлгөнүн белгиледи.
Эки кабат болуп салынган спорт комплекстин биринчи кабатында күрөшүү үчүн зал, чечинүүчү, жуунучу жай, медициналык бөлмө жана машыгуучу зал жайгашкан. Ал эми экинчи кабатында машыктыруучулар үчүн бөлмөлөр бар.
Спорт комплекси жеке ишкер тарабынан салынып, анын курулушуна өткөн жылдын 4-ноябрда Камчыбек Ташиев капсула салган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан