Биз социалдык тармакта

Нарында жаңыланган автобекет ачылды 

Нарын шаарындагы жаңыланган автобекет УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда пайдаланууга берилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Автобекет Нарын шаарынын муниципалдык менчигине алынып, тейлөө шарттары жаңыланган. Имараттын биринчи кабатында күтүү залы, тейлөөчү жайлар жана башка шарттар камтылса, экинчи кабатында жатакана уюштурулган. Имарат жылытуу системи жана кондиционер менен жабдылган.
Камчыбек Ташиев долбоордун негизги максаты жарандарга сапаттуу тейлөө жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналарын билдирди.
"Мындай деңгээлдеги автобекет башка аймактарда жок. Аны максаттуу пайдаланып, түзүлгөн инфраструктурага кылдат мамиле кылуу керек",- деп баса белгилейт Ташиев.
Автобекетти капиталдык оңдоп-түзөө иштери президенттин мүлкүн башкаруу башкармалыгынын көзөмөлүндө жүргүзүлүп, турукташтыруу фондунан 53 миллион сом бөлүнгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан