Биз социалдык тармакта

"Манас" театрынын директору кызматынан убактылуу четтетилди

Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директору Нурбек Талантбек уулу кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу 11-декабрда Маданият министрлигинен билдирди.
Белгилей өтсөк, 9-декабрда социалдык тармактарда “Манас” театрында манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтар тарап, жагдайды жеринде тактоо жана объективдүү баалоо үчүн Маданият министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлгөн.
Комиссиянын иликтөөсү толук бүткөнгө чейин театрдын директору Талантбек уулу Нурбек кызматынан убактылуу четтетилди.
Министрлик иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча кошумча маалымат бериле турганын билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан