Социалдык тармактарда кызматынан бошотулган илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозовго окшогон адам тартылган видео тарап жатат.
Анда анын наркология бөлүмүндө текшерүүдөн өтүп жатканын көрүүгө болот. Маалымат азырынча расмий тастыктала элек.
Айта кетсек, министр бүгүн, 15-декабрда кызматтан алынды. Президенттин администрациясы тараткан маалыматта Орозов мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасынын талаптарын сактабагандыгына байланыштуу кызматтынан бошотулганы айтылат.