Бүгүн, 15-декабрда илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Министр мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасынын талаптарын сактабагандыгына байланыштуу кызматтан алынган.
Бактияр Орозов министр болуп 7 ай мурда, тактап айтканда, май айында дайындалган.