Бүгүн, 24-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев парламентте биометрикалык каттоону киргизүүнү тездетүү керектигин айтты.
Ал жыйынга депутаттар толук катышпай жатканын айтып, нааразы болду.
"Кичине тартип болушу керек да. Ошол тартипке биометрикалык каттоо алып келмек. Ар бир депутат айлык акысын алып жатат. Эми ошол эл өкүлдөрү жумушка келиши керек да. Каттоодон өтүшү керек, ар бир мыйзамга добушун бериши зарыл",- деди Бекешев.
Буга чейин парламенттин басма сөз кызматы 2026-жылдан тартып Жогорку Кеңеште добуш берүү биометрикалык тутум аркылуу жүргүзүлөрүн кабарлаган.