Жогорку Кеңеште биометрикалык добуш берүү системи киргизилет

2026-жылдан тартып Жогорку Кеңеште добуш берүү биометрикалык систем аркылуу жүргүзүлөт. Парламенттин регламентине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жаңы чакырылыштын депутаттары жыл башынан баштап манжа издери менен гана катталып, добуш беришет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, учурда техникалык жактан камсыздалып, даярдык иштери жүрүүдө. Биометрикага өтүү добуш берүүнүн айкындуулугун жана так жүргүзүлүшүн камсыздап, мыйзам бузууларды толугу менен жок кылары күтүүлүдө.

Мындай жаңылануу парламенттеги тартип бузууларды алдын алууга багытталган.

Белгилүү болгондой, жаңы чакырылыштагы депутаттардын биринчи жыйыны 17-декабрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан