Биз социалдык тармакта

Депутат Бекешев жыйында таксисттердин маселесин айтты (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев такси айдоочуларына лицензия берүү мөөнөтүн узартууну сунуштады. Мындай пикирин эл өкүлү парламенттин 28-январдагы жыйынында билдирди.

Айтымында, учурда такси айдоочуларына 7,5 миң лицензия берилген.

"3 күн ичинде такси айдоочуларынын лицензия алуу мөөнөтү бүтөт. Азыркы убакта 7,5 миң лицензия берилди. А бизде, Бишкекте 70 миңдей таксист бар. Алар лицензия ала албай калса, мөөнөттү жылдырбасак, такси кызматы өтө кымбаттайт. Бир топ эле жумушсуздук болот",- дейт депутат.

Эске салсак, буга чейин такси айдоочуларын милдеттүү түрдө лицензиялоо талабы 2025-жылдын 1-декабрынан 2026-жылдын 1-февралына жылдырылган болчу. Бишкектин Патрулдук милиция кызматы такси айдоочуларына кайрылып, лицензия алуу үчүн керектүү документтердин тизмесин жарыялаган.




Депутат таксисттер маселесин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан