Социалдык тармактарда кызматтан кеткен Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин командасы менен коштошуп жаткандагы видеосу тарады.
Анда экс-калаа башчысы эмгек жамаатка ыраазычылык айтып, кеп-кеңештерин берип жатканын көрүүгө болот.
"Силер менен ага-ини болуп 1 жыл 2 ай иштедим. Анча-мынча өйдө-төмөн, иш жүзүндө силерди капа кылган болсом, анча-мынча урушуп, тилдеп койсом кечирим сурайм. Жумуш экен.
Кайсы жерде болсо да жүзүңөр жарык болсун. Аман болуңуздар. Шаар үчүн иштегиле, жигиттер. Өзүңөрдүн жеке кызыкчылыгыңар экинчи орунда болуш керек",- деди Токторбаев.
Кечээ, 18-февралда Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеткендиги маалымдалган.