Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетти. Бул тууралуу "Кактус.медиа" өз булактарына таянып жазды.
Алынган маалыматтарга караганда, Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеткендиги белгилүү болду. Расмий кызматтар маалымат бере элек.
Буга чейин дагы ал тууралуу маалыматтар тарап, бирок бийлик аны четке
каккан.