Жогорку Кеңештин депутаты Болот Ибрагимов "Мекенчил" депутаттык тобуна мүчө болуп кошулду. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралдагы Жогорку кенештин жыйынында депутат, аталган топтун мүчөсү Ырысбек Атажанов билдирди.
Айта кетсек, Ибрагимов парламентте депутаттык топтор түзүлгөндө алардын бирине да кошулган эмес болчу. Анын "Мекенчилге" кошулушу депутаттык топтогу эл өкүлдөрүнүн санын 22ге жеткирди.