Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын I сессиясы салтанаттуу түрдө ачылып, алгачкы жыйында "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" мыйзамдын 10, 11-беренелерине ылайык депутаттык топторду түзүү маселеси да каралды.
Жыйынтыгында төмөнкү депутаттык топтор түзүлдү:
"Ата-Журт" - 18 депутат. Жетекчиси – Нурланбек Азыгалиев;
"Мекенчил" - 19 депутат. Жетекчиси – Кундузбек Сулайманов;
"Элдик" - 18 депутат. Жетекчиси – Акылбек Түмөнбаев;
"Адилет Кыргызстан" - 14 депутат. Жетекчиси – Нурбек Сыдыгалиев;
"Ала-Тоо" - 15 депутат. Жетекчиси – Жанар Акаев.
Ал эми Эльвира Сурабалдиева, Болот Ибрагимов жана Эрулан Кокулов бул топтордун эч бирине кирген жок.