Биз социалдык тармакта

Өкмөт башчы Манас шаарынын мэрин жамаатка тааныштырды

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Манас шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына жаңы мэр Абдупата Маткаликовду тааныштырды. Бул тууралуу 23-февралда министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы мэрдин алдында турган шаардын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, калктын жашоо сапатын жакшыртуу, инвестиция тартуу жана социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу сыяктуу артыкчылыктуу милдеттерин белгиледи.

Белгилей кетсек, Абдупата Маткаликов 20-февралда президенттин буйругу менен Манас шаарынын мэри болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан