Абдупата Маткаликов Манас шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Маткаликов мэр катары шаарды өнүктүрүү, тургундардын социалдык маселелерин чечүү жана инфраструктураны жакшыртуу иштерин баштайт.