Биз социалдык тармакта

Нурланбек Тургунбек уулунун мандаты Жайлообай Нышановго тийди

Борбордук шайлоо комиссиясы №15 шайлоо округу боюнча депутаттык мандат Жайлообай Нышановго берилгенин маалымдады.

Айта кетсек, ал өз каалоосу менен мандатын тапшырган Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун ордуна келди. Тургунбек уулу депутаттык ишмердүүлүгүн ден соолугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алганын билдирген. Ал мандатынан мурда парламенттеги спикерлигин өткөрүп берген болчу.

Нышановго токтолсок, Жогорку Кеңештин VII чакырылышында "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон. Ал анда да, тагыраагы, 2024-жылдын декабрында мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган Чынберди Төлөновдун ордуна барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан