Бүгүн, 18-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Журт-Кыргызстан" фракциясынын тизмесинде депутаттык мандатка ээ болгон Жайлообай Нышанов ант берди.
Айта кетсек, ал өз каалоосу менен мандатын тапшырган партиялашы Чынберди Төлөновдун ордуна келди. Ал эми Төлөнов былтыр 21-ноябрда депутаттык мандатка ээ болуп, кызматка киришкен. Ал жасалма диплом чырынан кийин мандатынан ажыратылган партиялашы Фархат Исмаиловдун ордуна келген.