Эрлист Акунбеков министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Буга чейин Акунбековдун талапкерлигин Жогорку Кеңеш жактырган.
Айта кетсек, буга чейин бул кызматты Бакыт Төрөбаев аркалап келген. Ал 24-февралда кызмат ордунан алынды.