УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков үй камагына чыгарылды. Маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-апрелде райондук сот аны 16-майга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарган. Райондук сотко мындай өтүнүчтү ИИМдин тергөөчүсү келтирген.
Матисаков 18-мартта "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемага шектелип кармалган. Аны менен бирге 3 адам камакка алынышкан.
Айта кетсек, Салык кызматы УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев жана анын жакындарынын мамлекеттик ишкананын кирешелерине ээлик кылып келишкени тууралуу коррупциялык схемаларды ачыктаган иликтөө чыгарган. ИИМ бул боюнча кылмыш ишин козгогон.