"Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупциялык схемага шектелип кармалган 4 адам 16-майга чейин камакка алынды. Маалыматты бүгүн, 25-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту ырастады.
Маалыматка ылайык, райондук сот мындай чечимди 19-мартта кабыл алган.
Эске салсак, Салык кызматы УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев жана анын жакындарынын мамлекеттик ишкананын кирешелерине ээлик кылып келишкени тууралуу коррупциялык схемаларды ачыктаган иликтөө чыгарган. ИИМ бул боюнча кылмыш ишин козгогон. Көп өтпөй "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемага шектелип 4 адам кармалган. Алардын арасында УКМКнын мурунку төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков бар.