“Кыргызнефтегаз” ишканасында мүмкүн болгон коррупциялык схема боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматы тарабынан даярдалган “Өз адамдар үчүн мунай: Кыргызнефтегазды" кантип курутушту” аттуу иликтөөнүн негизинде ишкананын айрым кызмат адамдары мыйзамсыз аракеттерге барганы аныкталган.
Тергөөнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча, кызматкерлер кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, байланышкан компаниялар менен сүйлөшүү аркылуу күйүүчү-майлоочу материалдарды сатууда мыйзамсыз схемаларды уюштурушкан. Натыйжада айрым жеке жактар үчүн артыкчылыктуу шарттар түзүлүп, мамлекетке зыян келтирилгени айтылууда.
Ошондой эле күйүүчү-майлоочу майлардын баасы өсүп жаткан шартта, жооптуу кызматкерлер рынокту жөнгө салуунун ордуна, көзөмөлдөөчү органдардын айрым өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүүгө барышканы белгиленди.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, учурда кеңири тергөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.