КОЙ
(21.03–20.04)
Эгер жеке жашоону өзгөртүүнү кааласаңыз, алгач психоэмоционалдык абалды калыпка келтирүү сунушталат. Бул аптада каржылык абалыңыз жакшырышы мүмкүн. Дүйшөмбү-шейшемби күндөрү олдоксондуктун айынан майда-чүйдө жаракат алуу коркунучу бар, андыктан “көздү карап басуу” керек. Келечек тууралуу ойлонуп, санааркай бербеңиз, баары өз нугунда кетет. Жумушта мурдагыга кошумча жоопкерчилик моюнуңузга артылат. Мунун айынан эс алууга байланыштуу пландар өзгөрүшү мүмкүн.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Финансы жаатында кумар оюндарына, азгырыктарга чакыруу сунушу болушу ыктымал, баш ийбеңиз. Негизи эле бул аптада капчыкты жөнү жок ача бербеңиз. Башкалар менен сыр чечишип сүйлөшүү, ушакташуу каалооңуз орундалат, жакын санаалаштар чогуласыздар. Жеке жашоодо түгөйүңүздөн көбүрөөк жылуулук, мээрим, сүйүү алгыңыз келет. Жумушта бат пайда табууга эмес, узакка созулган киреше булагы болчу ишке басым жасаган жакшы. Аптанын аягы сапарга чыкпай турган оң.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Ак-кара эриш-аркак жүргөн мезгил. Жумушуңузда ийгилик коштоп карьералык тепкичтен жогорулашыңыз мүмкүн же пайдалуу долбоорго сунуш аласыз. Ал эми ден соолук жаатында көйгөйлөр болушу мүмкүн. Эндокриндик системди, гормондорду бир текшертип койсоңуз ашыкча болбойт. Насыясы барлар аны төлөй албай кыжалат болушат. Туугандарыңыздын үй-бүлөсүндө орун алган жакшылыкка күбө болосуз. Апта аягы сиздин урматыңызга романтикалык кеч уюштурулушу мүмкүн.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Бөйөн жылдызынын алдында төрөлгөндөр өткөн аптанын ызы-чуусунан кийин жаңы аптада өздөрүн чарчаңкы, энергиясы жок сезиши мүмкүн. Андыктан баш оору, кан басымдын түшүүсү же көтөрүлүүсү байкалат. Мындай абалыңызды байкап, жардам берип, колдогондор болот. Аптанын экинчи жарымында жумушка байланыштуу маанилүү чечимдер кабыл алынышы ыктымал. Үй-бүлөңүз менен чогуу бир жеңишти майрамдайсыздар. Апта соңу сизди жаратылыш коюну күтөт.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Бул аптада интеллектуалдык жөндөмгө басым жасасаңыз, ийгиликке жетесиз. Айрыкча саясат, дипломатия жаатындагылар үчүн жемиштүү мезгил. Сынакка катышам деп тургандарды да ийгилик коштойт. Ал эми физикалык күч колдонулчу иштерди колго албай туруңуз, өзүңүз каалаган жыйынтыкка жетпейсиз. Ден соолук жаатында авитаминоз, иммунитеттин түшүүсү менен күрөшүүңүз керектелет. Сүйүүдө өзүңүз эле талап кыла бербей, түгөйүңүзгө да мээрим төккөнгө аракет кылыңыз.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Жумушта да, үйдө да бир сыйра “ревизия” жасаңыз. Жыйначусун жыйнап, оңдочусун оңдоп, ыргытчусун ыргытып дегендей. Кадимкидей эмоционалдык жактан жеңилдеп каласыз. Каржы тармагында алгач өзүңүздү көзөмөлдөп, жөнү жок соода кылууну токтотуу керек. Анализ, пландоо, максат коюу менен кадам таштаңыз. Конокко чакыруу алышыңыз ыктымал. Досторуңуздун бирине чогулуп жардам көрсөтүшүңүздөр мүмкүн. Апта аягы өзүңүз көнгөн атмосферада өтмөкчү.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Таразалар бул аптада мамилелер, өзүндөгү жеке тең салмактуулук жана башкалар тууралуу ойлонуп, кайсы бир тыянакка келишет. Жумушта бош убакыт дээрлик болбойт, баш көтөрбөй иштейсиз. Кесиптешиңиздин жакшылыгына күбө болушуңуз ыктымал. Өзүнө өзү иштегендер үчүн финансылык жаатта жемиштүү мезгил болот. Бойдоктордо кызыктуу адам менен маанай көтөргөн баарлашуу орун алмакчы. Кыймылсыз мүлккө байланыштуу документ иштерин эрте бүтүргөнүңүз жакшы.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Чаяндар бул аптада өзүнө келип, жумушун да, жеке жашоосун да кайсы бир деңгээлде иретке келтирүүгө жетишет. Жан дүйнөдө гармония орун алмакчы. Мунун эсебинен үй-бүлөдө да тынчтык, жагымдуу маанай орун алат. Финансы жаатында бир аз үнөмдүү болуңуз. Үйдөн чыгып бара жатып ачкыч же башка маанилүү нерсени унутмай адатыңыз кармайт. Андыктан өзүңүзгө өзүңүз көзөмөл салыңыз. Дем алыш күндөрүн өзүңүз пландап, дос-курбулар менен жолуккан жакшы.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Жаачыларды ийгиликтүү апта күтөт. Көпчүлүктүн көңүл борборунда болчудай жакшылык орун алат жашооңузда. Жаңы таанышуулар, жаңы байланыш түзүү, жаңы жайларга баш багуу сыяктуу иштер да ушул аптада орун алмакчы. Ден соолук жаатында туура тамактанууга өтүп, спорт менен машыгуу сунушталат. Жакындар менен сүйлөшүүдө текебер болбоңуз, кимдир бирөөнү таарынтып алышыңыз мүмкүн. Апта соңу үйдө сантехникалык көйгөйлөр менен алышууңуз ыктымал.
Уландысы шилтемеде.