Биз социалдык тармакта

"Аюнун" негиздөөчүсү: "Ташиевдин кабинетиндеги бир чыны чайдын баасы 10 миллион доллар"

"Аю Холдингдин" негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен 2023-жылы болгон сүйлөшүүлөр тууралуу айтып берди.

"Июль айында "Аю" ЖЧКсынын башкы директору Тыныбек Исаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке чакырылган. Ошол учурда аны Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү суракка алып жаткан. Финансист Нурлан Абдыраев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттеги жыйынга барган. Аны коопсуздук дарбазасынан түз эле Камчы Ташиевдин кеңсесине алып киришкен.

Иш бөлмөдө чай үстүндө Камчыбек Ташиев менен Равшан Сабиров отурган экен. Нурланды да чакырышкан.
Финансист “Аю” компаниясы жол берилген мыйзам бузуулары үчүн 20 миллион доллар төлөөгө даяр экенин айткан.
Бирок анын сөзүн Ташиев бөлүп, "30 миллион доллар" төлөйсүңөр деп айткан. Чай ичкенден кийин Нурлан ага макул болгон. Сүйлөшүүдөн чыккандан кийин мага телефон чалып, "баары жакшы, 30 миллион доллар төлөйбүз" деди. Мен таң калып калгам.
Ага чейин биз таптакыр башка нерсе жөнүндө сүйлөшүп жатканбыз. 20 миллион долларлык активдерди - имарат, заводдорду берүү тууралуу болчу. Бизде чыныгы долбоорлор жана инвесторлор болгон. Алсак, Токмоктогу "Касиет" ААКсына, Ош жана Жалал-Абад аймактарындагы пахта заводдоруна азербайжандык инвесторлор инвестиция салууга даяр болчу.
Бирок ишкердин үйүндө мүшөк-мүшөк акча жок. Ишкердин жүгүртүү капиталы, активдери, өндүрүшү жана милдеттенмелери бар. Акырында Камчы Ташиев бизге 30 миллион доллар накталай акча алып келүү үчүн 30 күн берди. Бир айдан кийин камакка алуулар башталды. "Аюнун" башкы директорун, бухгалтерлерин, технологдорун жана башка катардагы кызматкерлерди. Кээде "бир чыны чай" ушундай болот. Камчы Ташиевдин иш бөлмөсүндөгү бир чыны чайдын баасы 10 миллион доллар",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Эске салсак, 28-мартта Шаршенбек Абдыкеримов президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, мамлекетке өткөрүлгөнү айтылган эки ири соода борбору - "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми Молл" боюнча кеп кылган. Анда ал "Томми Молл" УКМКнын мурунку төрагасы Камчыбек Ташиевдин аялына байланышы бар адамдарга өтүп кеткенин айткан. Анын билдирүүсүнө Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев жооп кылып, маалыматты "карандай калп" деп атаган. Буга Абдыкеримов жооп кылып, бардыгын факт менен айтып жатканын белгилеген. Президенттин администрациясы анын кайрылуусу териштирилип баштаганын кабарлаган.

Белгилей кетсек, Шаршенбек Абдыкеримов 2023-жылы 8-сентябрда сыртынан камакка алынган. УКМК сентябрда Абдыкеримовго таандык бир катар ири объекттер мамлекетке кайтарылганын маалымдаган. Былтыр ноябрда Камчыбек Ташиев атайын кызматты жетектеп турганда аны спирт ичимдиктерине болгон акциздик салыкты төлөбөй келген деп айыптаган. Жакында Абыкеримов Лондондо экенин айтып, кайрылуу кылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан