УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю Холдингдин" негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун дооматтарын четке какты.
"Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми Молл” соода борборун менин апамдын жакындарына өтүп кеткен…” деген негизде президент Садыр Жапаровго кайрылыптыр. Мен баса белгилеп айтар элем, бул маалымат карандай калп! Мамлекетке кайтарылган бир дагы объект, ал эмес бир топчу дагы биздин үй-бүлөгө өткөн эмес!
Муну Абдыкеримов дагы, жана башка бардык ошол сыяктуу мүлкү мамлекетке кайтарылган ишкерлер, адамдар, коомчулук баары так билиши керек. Эгер шек саноолор же ишенбөөчүлүктөр болсо, тийиштүү комиссия түзүп, бардык кайтарылган мүлктөр боюнча дыкат текшерип чыгышса болот. Андай текшерүү - бүгүн абдан караланып, куру дооматтар айтылып жаткан биздин үй-бүлөбүз үчүн да чоң мааниге ээ. Ошондо, мамлекетке кайсыл мүлктөр өткөн, канча баага кайра кимдерге сатылган же кимдерге өткөнүн элибиз да так билмек",- деп жазды ал Facebook баракчасына.
Айта кетсек, 28-мартта Шаршенбек Абдыкеримов президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, мамлекетке өткөрүлгөнү айтылган эки ири соода борбору - "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми Молл" боюнча кеп кылган. Анда ал "Томми Молл" Ташиевдин аялына байланышы бар адамдарга өтүп кеткенин айткан.