Биз социалдык тармакта

Президенттин администрациясы Шаршенбек Абдыкеримовдун кайрылуусун териштире баштады

Президенттин администрациясы "Аю Холдингдин" негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун өлкө башчысы Садыр Жапаровго жасаган Бишкектеги "Томми Молл" соода борбору тууралуу ачык кайрылуусун териштирип баштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов "Азаттыкка" билдирди.

“Ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун Facebook социалдык тармагындагы ачык кайрылуусу тууралуу президенттик администрация кабардар. Азыркы учурда кайрылууда айтылган жагдайлар боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө",- деген ал.

Эске салсак, 28-мартта Шаршенбек Абдыкеримов президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, мамлекетке өткөрүлгөнү айтылган эки ири соода борбору - "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми Молл" боюнча кеп кылган. Анда ал "Томми Молл" УКМКнын мурунку төрагасы Камчыбек Ташиевдин аялына байланышы бар адамдарга өтүп кеткенин айткан. Анын билдирүүсүнө Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев жооп кылып, маалыматты "карандай калп" деп атаган. Буга Абдыкеримов жооп кылып, бардыгын факт менен айтып жатканын белгилеген.

Белгилей кетсек, Шаршенбек Абдыкеримов 2023-жылы 8-сентябрда сыртынан камакка алынган. УКМК сентябрда Абдыкеримовго таандык бир катар ири объекттер мамлекетке кайтарылганын маалымдаган. Былтыр ноябрда Камчыбек Ташиев атайын кызматты жетектеп турганда аны спирт ичимдиктерине болгон акциздик салыкты төлөбөй келген деп айыптаган. Жакында Абыкеримов Лондондо экенин айтып, кайрылуу кылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан