"Аю Холдингдин" негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.
Ал Ташиевдин "калп" дегенин жалганга чыгарып, бардыгын факт менен айтып жатканын белгиледи.
"Кызымдын "Томми" соода борбору алынып кетти. Уулдарымдын батирлери жана кеңселери алынып кетти. Натыйжада, балдарым бир тыйынсыз калып, төлөбөгөндүгү үчүн окуудан чыгарылып, үйлөрүнө кетүүгө аргасыз болушту. Сиз балдарымды келечегинен ажыраттыңыз. Эл оозунда айтылып жүргөн макалда, бузулбай сакталып турган көп нерселер бар! Балдар аталарынын каталары үчүн азап чекпеши керек! Апалар балдарынын каталары үчүн жооп бербеши керек!
Анда эмне үчүн менин үй-бүлөм жана апамдын элеси мен үчүн азап чегишти? Эмне үчүн күнөөсүздөр күнөөлүү болуп жазаланып жатышат? Бүгүн балдарым мага сүйлөбөйт, анткени мен алардын окуу акысын төлөй албай калдым. Ата катары мен үчүн бул эң кыйын жана өтө оор нерсе. Булар калп эмес. Булар менин бүгүнкү жашоом. Эгерде менин сөздөрүмдө кандайдыр бир так эместиктер болсо, баары ачык жана мыйзамга ылайык иликтенсин.
Урматтуу президентибиз буга чейин эле жооп берди. Тергөө башталды! Мен алтургай баарына чыдадым. Жана беш жыл бою эч нерсе айткан жокмун! Унчукпадым",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Эске салсак, 28-мартта Шаршенбек Абдыкеримов президент
Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, мамлекетке өткөрүлгөнү айтылган эки ири соода борбору - "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми Молл" боюнча кеп кылган. Анда ал "Томми Молл" Ташиевдин аялына байланышы бар адамдарга өтүп кеткенин айткан. Анын билдирүүсүнө Камчыбек Ташиевдин уулу
Таймурас жооп кылып, маалыматты "карандай калп"
деп атаган.
Белгилей кетсек, Шаршенбек Абдыкеримов
2023-жылы 8-сентябрда сыртынан камакка а
лынган. УКМК сентябрда Абдыкеримовго таандык бир катар ири объекттер мамлекетке кайтарылганын
маалымдаган. Былтыр ноябрда Камчыбек Ташиев атайын кызматты жетектеп турганда аны
спирт ичимдиктерине болгон акциздик салыкты төлөбөй келген деп
айыптаган. Жакында Абыкеримов Лондондо экенин айтып,
кайрылуу кылган болчу.