Орусия менен Азербайжан AZAL авиакомпаниясынын учагынын Актауда кыйрашына байланыштуу компенсация төлөө боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, маселе Азербайжан менен Орусиянын президенттеринин 2025-жылдын 9-октябрында Душанбе шаарында өткөн "Борбордук Азия – Орусия" саммитинин алдында болгон жолугушуусунда жетишилген келишимдердин негизинде жөнгө салынды.
"Тараптар Актау шаарына жакын жерде кулаган AZAL авиакомпаниясына таандык Embraer-190 учагына байланыштуу компенсация төлөө маселесине келишти. Кырсык Орусиянын аба мейкиндигинде коргонуу системинин жаңылыш аракетинен улам болгон",- деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, 2024-жылы 25-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта кулап түшкөн. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон.
Учактагы 38 жүргүнчү каза болуп, 29 жаран, анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жеткирилгендиги айтылган. Кыргызстандык жарандардын баары кыйроодон аман калышкан.