Казакстандагы учак кырсыгынан Кыргызстандын 3 жараны аман калганы аныкталды

Бүгүн, 25-декабрь саат 18:00гө карата маалымат боюнча, Казакстандагы учак кырсыгына кабылгандардын арасынан Кыргызстандын үчүнчү жараны тирүү экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын 3 жараны тең Казакстандын Актау шаарындагы ооруканага жеткирилген.

Алар:

- 2004-жылы туулган А.Р. ;

- 1998-жылы туулган О. Т. ;

- 1988-жылы туулган Д.Э.

Белгилей кетсек, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясына таандык учак Бакудан Грозныйга учуп баратып Казакстанда кулагандыгы айтылган. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Алардын 37си Азербайжандын жарандары. Мындан тышкары 6 казакстандык, 3 кыргызстандык жана 16 орусиялык жаран бар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан