Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кырсыктаган учактан 38 адам каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыкка кабылган учактын ичинде 67 адам болгон, анын 38и каза тапты. Калган 29 жаран, анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жаткырылган.
"Учурда каза болгон адамдардын өздүгүн тактоо иши жүрүп жатат", - деп билдирди ӨКМ.
Маалым болгондой, учакта 5 экипаж, 6 Казакстандын, 37 Азербайжандын, 16 Орусиянын, 3 Кыргызстандын жараны болгон.
Учурда Кыргызстандын үч жараны дарыгерлердин көзөмөлүндө экени айтылды.
Эскерте кетсек, кечээ, 25-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта кулап түшкөн.