
КОЙ
(21.03–20.04)
Компромисске барууну каалабай, ошол эле учурда кырдаалга баш ийүү керек болгон чыңалган апта орун алышы күтүлөт. Азыркы иштеп жаткан жумушуңузга кошумча жумуш тапсаңыз, финансылык абалыңызды жакшырта аласыз. Аптанын ортосу сулуулук энергияңыз жогорулайт, жакшынакай кийинип, жасанып алып чыгыңыз кайда болсо да. Өзүңүзгө болгон бааңыз, маанайыңыз көтөрүлөт. Дем алыш күндөрү пландалбаган, бирок жагымдуу сюрприздери менен эсиңизде калмакчы.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Эмнени баштап жиберсем, эмне кылсам деген ойлор курчайт бул аптада. Жакшы идеяларды ишке ашыруу каалооңуз болуп турганда иш баштап жибериңиз, артка жылдырсаңыз жалкоолуктун туткунунан чыга албай каласыз. Үй-бүлөңүздө гармония орун алат, балдарды кайда барып эс алдырып келсек деген суроо алдынкы планга чыгышы мүмкүн. Айрымдарды айылдан шаарга же шаардан айылга көчүү иштери күтүп алат. Бул аптада үйлөнүү үлпөт тоюна күбө болууңуз мүмкүн.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Мөмө-жемиш, жашылча бизнеси менен иштегендердин иши алга жылып, жакшы пайда таба алышат. Алыска сапарга чыгуу планыңыз бузулуп же өзгөрүп кетүүсү мүмкүн. Аптанын башында документтерди текшерүү сыяктуу иштерге кабылууңуз мүмкүн, андыктан алдын ала баарын тактап, тууралап коюңуз. Бойдоктор түгөйүн таппаса да, жаңы дос күтүүсү ыктымал. Дем алыш күндөрү жакын санаалаштарды өзүңүз жолугушууга чакырыңыз, өткөн-кеткенди эстеп бир жыргап аласыз.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Аптанын башында көп эмес суммада болсо да капчыгыңызга акча түшүп кубанасыз. Шаршемби-бейшемби күндөрү бирөө жарым менен талашуудан, ашыкча маалымат айтып алуудан абайлаңыз. Жеке жашоодо ызы-чуудан алыстап, тынч жайда эс алып, сергигиңиз келет. Бирок андай мүмкүнчүлүк азыр жаралчудай эмес. Андыктан жашоодон позитив таба билиңиз. Кошуналардын жакшылыгына чогуу даярданып, жардам беришиңиз күтүлөт.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Жумушта жаңы нерсе баштагыңыз келбей, ал эмес, өз ишиңизди да башкаларга бөлүштүрүп берип, эс алгыңыз келет. Азыр олуттуу өзгөрүүлөр күтүлбөйт, андыктан чындап эмгек өргүүсүнө чыгуу оюңузду ишке ашырсаңыз болот. Түгөйүңүз менен болгон түшүнбөстүктөр узарып кетпесин десеңиз, эртерээк сүйлөшүүгө чакырганыңыз жакшы. Анан да сүйлөшүү учурунда эмоцияны көзөмөлдөө туура. Каржы тармагы базарга барып кийим жаңыртууга мүмкүнчүлүк берет.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Бийкечтер үчүн өзгөчө апта. Мурда колумдан келбейт деген иштерди оңой бүтүрүп, өзүңүзгө өзүңүз таң калууңуз мүмкүн. Анан да кантип өткөрөм деп кыжалат болуп турган нерсеге өзүнөн өзү идея жаралып, жардамчылар жана акча да табылып калат. Кан басымы жогору, башынын өнөкөт оорулары барлар алдын алып бир курс дарыланып койсо ашыкча болбойт. Огород, бакчасы барлар дем алыш күндөрү жашылдандыруу, отоо, сугаруу сыяктуу чарбачылык иштери менен алек болушат.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Жашоо ритми сиз үчүн жакында өзгөрөт, азырынча бейпил турмуштан ырахат алып жашап туруңуз. Жумушта тапшырмаларды өз учурунда аткара албай жатканыңызды байкайсыз. Буга энергия балансыңыздын төмөндүгү себеп. Жаңы хобби тапканга, көз алдындагы адатка айланган көрүнүштөрдү өзгөрткөнгө, жер кыдырганга аракет кылыңыз. Романтика, махабаттын убактысы – түгөйлүүлөр мамилени бекемдесе, түгөйсүздөр тагдырына жазылган адамына жолугуусу мүмкүн.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Сизди активдүү апта күтүп турат, бул күндөргө эмне пландасаңыз да өз аракетиңиз, өжөрлүгүңүз менен ишке ашыра аласыз. Айлыгы көңүлгө толбогон жумушта көнгөн адат боюнча иштей берген туурабы, ойлонуп көрүңүз. Үйдө ийилчээк, жумшагыраак болгонго аракет кылыңыз, болбосо орой сүйлөп келишпестиктер жаралышы мүмкүн. Андан көрө жылмайып, куулук кылып сылык сүйлөсөңүз сиз айткан нерсе жасалат. Апта соңу күтүүсүз жерден акча колуңузга тийүүсү күтүлөт.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Каржы тармагын жакшылап пландоого аракет кылыңыз: насыя алганда кантип кутулам, карыз берчү адам ишенимдүүбү, инвестиция кылчу нерсе пайда алып келеби деген суроолорго так жооп болушу керек. Анан да ири суммада соода-сатык кылбай туруңуз. Үй-бүлөлүк мамиледе меники туура дей бербей, компромисске бара билиңиз. Жүрөгү бош адамдар жанында эле жүргөн адам кантип ишеничке кирип, романтикалык сезимдер жаралганын байкабай калышат.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Бул апта жумушта жоопкерчиликтүү болуңуз, майда-чүйдөгө чейин маани берип, так аткарганга аракет кылуу зарыл. Жаныңыздагы адамдардын кеңешине кулак сала билиңиз. Сизге өз оюн таңуулагысы келгендер чыгат, баш бербеңиз, моюнга эч кимди отургузбаңыз. Жеке жашоодо баары туруктуу, өз нугу менен кетет. Күнгө көп чыкпаңыз, тери оорулары же аллергия өөрчүп кетиши мүмкүн. Апта соңу көңүлдүү эс аласыз, бул эс алуу көпкө чейин эсиңизде калмакчы.
Уландысы шилтемеде.