Баланын боюнун өспөй калышы өнөкөт оорулардан жана гормоналдык бузулуулардан, начар тамактануудан улам организмде витамин, микроэлементтердин жетишсиздигинен келип чыгат. Аталган себептерден улам баланын ички органдары, мээси да калыптагыдай жетилбей калышы мүмкүн. Жыйынтыгы: бала боюнун кыскалыгынан тартынып, уялат. Андыктан ата-энелер балдарынын саламаттыгына туура кам көрүшү зарыл.
Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” 21-августта чыккан жаңы – №1235 санынан окуй аласыз.