NASA Айдын орбитасында адамзат тарыхындагы алгачкы космопортту - Gateway станциясын түзүүгө даярданып жатат. Ал келечектеги ай миссияларында астронавттар, жүк ташуучу кемелер жана ай модулдары үчүн аралык станция катары кызмат кылат.
Gateway кадимки аэропорттордогу сыяктуу учуп-конуу тилкелерине ээ болбойт. Станция Айдын айланасында Near Rectilinear Halo Orbit (NRHO) деп аталган атайын орбитада жайгашат.
Бул орбитада станция Айдын түндүк уюлуна болжол менен 1600 чакырымга чейин жакындап, андан кийин Айдын бетинен дээрлик 64 миң чакырым алыстыкка чейин алыстайт. Мындай траектория Жер менен туруктуу байланыш түзүүгө жана станциянын орбитасын кармап турууга салыштырмалуу аз күйүүчү май сарптоого мүмкүндүк берет.
Келечекте Gateway станциясына Orion башкарылуучу космостук кемелери, жүк ташуучу аппараттар жана Айга конуучу модулдар келип турат. Кийинчерээк станция алыскы космоско багытталган миссиялар үчүн да аралык пункт катары колдонулушу мүмкүн.
Бирок станцияга бир нече космостук аппаратты жөн гана катар жайгаштыруу мүмкүн эмес. Жер менен Айдын тартылуу күчү алардын кыймылын татаалдаштырат.
Ушундан улам Техас A&M университетинин, NASA'нын жана Пердью университетинин инженерлери космостук аппараттардын кыймылын башкаруучу атайын системаны иштеп чыгышты. Алар миңдеген компьютердик симуляцияларды жүргүзүп, кемелер Gateway станциясынын жанында бири-бирине тоскоол болбой кантип кыймылдай аларын изилдешкен.
Эгер станциядагы тиешелүү орун бош эмес болсо, келген кеме анын жанына жөн эле токтоп тура албайт. Ал алдын ала эсептелген аралыкта кармалып, станцияга туташууга же андан чыгууга ылайыктуу учурду күтөт. Изилдөөчүлөр бул ыкманы loitering, башкача айтканда, космостогу "унаа токтотуучу жай" деп түшүндүрүшөт.
Ошентип, Gateway келечектеги Ай миссиялары үчүн жөн гана станция эмес, космостук каттамдарды уюштуруучу маанилүү түйүнгө айланмакчы.