Биз социалдык тармакта

Бүгүн Бишкектеги 7-Апрель көчөсүндө гидравликалык сыноолор өткөрүлөт

Бүгүн, 8-сентябрда Бишкектеги 7-Апрель көчөсүнүн Анкара көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки тилкесинде жылуулук тармактарына гидравликалык сыноолор жүргүзүлөт.

Мэриядан маалымдашкандай, бул иштер жылытуу мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында аткарылууда. Сыноо учурунда төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

  • Түтүктөрдүн бузулушу (тешилиши);
  • Жол катмарынын чөгүшү жана оюлуп кетиши;
  • Жылуулук тармактарына жакын жайгашкан аймактарды суу каптоолор.

Муниципалитет түтүктөрдүн тешилгенин, жолдун чөккөнүн же суунун жер агып жатканын байкаган учурда токтоосуз кабарлоону суранат.
Диспетчердик кызмат: (0312) 56-85-58
Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 0557 61-11-66, 0777 61-11-66, 0701 61-11-66.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан