Чүй облусунун Чүй районундагы Саз-Бел тоолорунда кургак чөп өрттөндү.
ӨКМдин маалыматына ылайык, өрт тууралуу маалымат саат 16:54тө түшкөн. Окуя болгон жерге 2 өрт-куткаруу бөлүмү жана 14 куткаруучу жөнөтүлгөн.
Учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат. Жалындын жайылышы дрондун жардамы менен көзөмөлдөнүүдө.
Өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык зыян такталууда.