Биз социалдык тармакта

Бишкектин мурунку депутаты вице-мэр Алиевди тизелете алабы? (видео)

Бишкек шаардык кеңешинин мурунку депутаты Жаныбек Асанбеков борбор калаанын вице-мэри Рамиз Алиевдин атасы ижарага алган жерди максатынан туура эмес пайдаланганын айтып чыкты.

Ал Пишпек конушунун Тойгонбаев көчөсүндө жайгашкан дүкөндүн алдындагы 245 чарчы метр жер 2023-жылы ижарага алынганын билдирди. Асанбековдун айтымында, ижарачы жерди жашылдандырууга жана коноктор үчүн унаа токтотуучу жай салууга милдеттендирилген. Бирок жашылдандыруу талабы аткарылган эмес.

"Рамиз Алиев ижарага алган жери жок экенин айтып жатат. Суроо туулат. Ал бул жер жөнүндө билеби? Билсе, эмнеге элге ачык айткан эмес? Мэрия бул жердин кандай пайдаланып жатканын текшергенби? Эми ушу суроого жооп күтөлү. Ал бир кызыл, бир жашыл китебин көрсөтүп туруп, ушул 245 чарчы метрлик жерди айтпай кетти", - деди ал.

Буга чейин Рамиз Алиев Тойгонбаев көчөсүндө жайгашкан дүкөн атасына 2001-жылдан бери таандык экенин айтып чыккан.

"Элден тизелеп кечирим суроого даярмын. Супермаркеттер жана дүкөндөр жөнүндө сөз болду, бул кичине туура эмес. Бизде бир гана дүкөн бар. Имарат муниципалдык жерде эмес, бул жеке менчик. Дүкөндүн тепкичине келсек, ооба, бул 8 чарчы метр муниципалдык жерде",- деп түшүндүргөн вице-мэр.




Бишкектин мурунку депутаты вице-мэр Алиевди тизелете алабы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан