Араван районунда опузалап акча талап кылууга шектелип 23 жана 19 жаштагы жигиттер кармалышты. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар 25 жаштагы жабырлануучуну "сенин видеолоруңду интернетке жүктөйбүз" деп коркутуп, анын iPhone 14 Pro Max үлгүсүндөгү телефонун тартып алышкан жана дагы акча берүүсүн талап кылышкан.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр 3-ноябрь күнү талап кылган акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен колго түшүшкөн. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Шектүүлөрдүн жанынан газпневматикалык тапанча табылган. Учурда тергөө иштери уланууда.