Биз социалдык тармакта

Бишкекте бир нече жолу уурулук жасаган шектүүлөр кармалышты

Бишкекте бир нече уурулукка шектелген эки жаран кармалды.

Милициянын маалыматына караганда, алар коомдук тамактануучу жайлардын биринен iPhone 13 жана Redmi үлгүсүндөгү телефондорду уурдаган деп шектелүүдө.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалгандардын дагы алтоо уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталган. Алар милицияга эки ноутбук жана кол саатын өз ыктыяры менен өткөрүп беришкен.

Соттун чечими менен шектүүлөр эки айга камакка алынып, тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Бишкекте бир нече жолу уурулук жасаган шектүүлөр кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан