Бишкекте жол эрежесин одоно бузган айдоочуга 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу кечээ, 12-сентябрда Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалым болгондой, социалдык тармактарда тараган видео боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Dafite 47 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол эрежесин одоно бузганы аныкталды.
Айдоочуга карата 15 миң сом айып пул салынды. Тиешелүү протокол түзүлүп, мыйзамга ылайык чара көрүлгөнү кабарланды.