Биз социалдык тармакта

Жайылда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы боюнча кылмыш иши тергелүүдө

Жайыл районунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу кечээ, 14-сентябрда Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 1-июлда Кара-Балта шаарындагы Кожомбердиев көчөсүндө болгон. Мотоциклдин айдоочусу Пищевой техникумунун аймагынан чыгып келе жаткан Honda Odyssey унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктан мотоциклдин 1986-жылы туулган айдоочусу оор жаракат алып, кийин Жайыл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Бул факт боюнча 1-августта Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.

Учурда аталган экспертизалардын корутундусу даяр боло элек. Тергөөнүн иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан