
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 1-4-октябрь күндөрү республиканын айрым аймактарында жамгыр нөшөрлөп жаап, сел жүрүү коркунучу жаралышы мүмкүн.
Бийик тоолуу райондордо кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
ӨКМ бийик тоолуу жайыттарда жүргөн чабандарга малды алдын ала коопсуз жана төмөнкү аймактарга түшүрүүнү сунуштады.