Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аэропортунда зер буюмдарды өлкөгө мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Салык кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы баасы 9,6 миллион сомдон ашкан 376 зер буюм аныкталды. Алардын ичинен салмагы 396 граммды түзгөн 147 алтын буюм жана салмагы 1 килограмм 979 грамм болгон 229 күмүш буюм бар. Бул факт боюнча мыйзам бузган тарапка айып пул салынды.