Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Дастан Бекешев Энергетика министрлигине караштуу байланыш борборунун иши боюнча маселе козгоду.
"Алтынбек Турусбекович, сиздерде 105 деген кыска номер да, туурабы? Мен сиз сүйлөп баштагандан тарта 20 мүнөттөн бери чалып жатам, эч ким жооп бербейт. Кышкысын электр энергиясы өчүрүгөндө жарандар сизге жете албай, бизге чалып башташат. Анан эми ар чалган сайын сизге чалып отурганга бизде да убакыт жок. Эмне үчүн ушул колл-борборду иштетүүгө болбойт? Эмне үчүн өзүңүз барып, баарын текшерип карабайсыз?",- деди Бекешев.
Министр бул маселе текшерилгенин билдирип, бирок парламентте айтылган кемчиликтер эске алынарын кошумчалады.
Мындан сырткары, депутат башка министрликтерде дагы ушундай чалууларды кабыл алуу борборлору бар экенин эскертип, алардын ишин жакшыртууну талап кылды.