Эски "Мадина" базарынын ордуна шаарча курулат. Бул тууралуу кечээ, 21-октябрда президент Садыр Жапаровдун аталган базардагы соодагерлер менен жолугушуусунда маалым болду.
Өлкө башчысы соодагерлерге бардык шарты менен орундар даярдалганын айтып, эски базардын тагдыры эмне болоруна токтолду.
"Ал жерди мен базар кылбайм, заманбап, элиталуу шаарча курам" деп жатат. Жаңы базарга баарыңар батат экенсиңер. Татынакай көчүп алгыла",- деди президент.
Андан ары өлкө башчысы жаңы жана эски базардагы шарттарды көрүп чыкты.