Крим чөйрөдө "Узун Улан" деген каймана аты менен белгилүү Улан Барчакеев тогуз жылга эркинен ажыратылды. Маалыматты бүгүн, 21-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады.
Маалыматта райондук сот өкүмдү 9-июлда чыгарганы белгиленет. Барчакеев Кылмыш-жаза кодексинин "Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу" жана "Каракчылык жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Анын мүлкү конфискацияланган.
Эске салсак, ал былтыр сентябрь айында Москвадан кармалып, өлкөгө алынып келген. ИИМ Барчакеев маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин ишенимдүү адамды болгонун жана анын жеке коопсуздугун карап келгенин билдирген.