
Президент
Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы
Аскат Алагөзов билдирди.
"Өлкө башчы райондордун эли менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин облустун учурдагы социалдык-экономикалык абалы жана мындан аркы өнүгүү келечеги тууралуу маалыматтарын угат",- деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.