Кечээ, 21-октябрда Нарында унаасынын маңдайкы жана алдыңкы эки каптал айнегин уруксатсыз караңгылатып башкарган чет өлкөлүк оор жүк ташуучу унаанын айдоочусуна 20 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Нарын облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Ошондой эле унаа айып короого киргизилгени маалымдалды.