25-26-октябрда Монголиянын Баян-Өлгий аймагында "Бай өлкө - бак бешигим" аттуу төкмө акындардын эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу кечээ, 21-октябрда Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ага Кыргызстандын атынан төкмө акын Тынчтык Эсенбай уулу катышат. Айтышка кыргыз, казак, кытай жана монгол элдеринин төкмө акындары катышары күтүлүүдө.