Абактагы ишкер Имамидин Ташов президент Садыр Жапаровго кайрылуу катын жазды. Каттын сүрөтү соцтармактарга тарап жатат.
Ташов кайрылууга өлкө башчынын ал тууралуу айтканы себеп болгонун белгилейт. Ал Садыр Жапаровго өзү жөнүндө жалган маалымат берилип келгенин айтат. Ишкер маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин адамдарына 450 миң доллар берген деген маалыматты төгүндөдү.
"Мен кылмыш дүйнөсүнө бир сом берген адам эмесмин. Эгер чындыгы болгондо мени "кылмыш дүйнөсү менен байланышкан" деген айып менен соттошмок. Анан "чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айыпты тергөөчү кооздоп токуган. Бирок сотто далилдер жок болгондуктан акталгам...
Акыркы эки жылда мага карата кылмыш ишин колдон келишинче кооздоп, токуп, мен тааныбаган казак жаранын ишке кошууга аракеттенишип, Т.Күрөңов менен тааныштырышып, кыйнап, коркутуп сүйлөштүрүп, аягында бийликти күч менен басып алууну мойнума алдырганга аракет кылып, токко отургузганга да барышты. Мен баарын Кудайга салдым. Убакыт жана тарых бүгүн болбосо, келечекте өз баасын берет",- деп жазган ал.
Эске салсак, 12-октябрда Садыр Жапаров Кадамжайдын тургундары менен жолугушууда Ташов тууралуу "450 миң долларлык батирлерди криминалдарга тараткан" деген.
Бишкек шаардык соту Ташовдун ишин июль айында карап, Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө өзгөртүү киргизип, аны 8 жылга эркиндигинен ажыраткан.
Имамидин Ташов 2024-жылдын 22-апрелинде Чүй облусунун Кайыңды айылынан УКМК тарабынан кармалган.
Ошол жылдын 9-январында социалдык тармактарга Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда ишкер 2023-жылдын 27-декабрында УКМКнын кызматкерлери эркине каршы уурдап кетип, 8 күн белгисиз жайда кармап отурганын айткан. Ошол кездеги УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев муну четке каккан.