Бүгүн, 22-октябрда президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Базар-Коргон районунун 2021-2026-жылдардагы өнүгүү жыйынтыктары жана алдыдагы пландары менен таанышты. Бул тууралуу "Ынтымак Ордо" билдирди.
Маалыматка ылайык, райондо өнөр-жай өндүрүшү акыркы беш жылды 854,9 миллиондон 1 миллиард 827,7 миллион сомго өскөнү айтылды. Ошондой эле бул аралыкта 56 социалдык объект, анын ичинде 12 мектеп, 9 бала бакча жана 7 ФАП пайдаланууга берилген жана азыркы учурда дагы бир катар имараттардын курулушу уланууда.
Мамлекет башчы бул аймакта жергиликтүү тургундарды турак жай жана таза суу менен камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.